1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

18

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги – мамлекеттер аралык бирикме

2026-жылдын 18-ноябрында КТ-1-23 тайпасында «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги – мамлекеттер аралык бирикме» аттуу темада тарбиялык багыттагы куратордук саат уюштурулуп өткөрүлдү.

Куратордук сааттын жүрүшүндө КМШнын түзүлүшүнө өбөлгө болгон тарыхый шарттар, шериктештиктин максаттары жана милдеттери, ага мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара кызматташтыктын негизги принциптери кеңири каралды. Ошондой эле саясий, экономикалык, илимий-билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын КМШ алкагындагы кызматташтыгы, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жалпы маданий баалуулуктарды сактоо маселелери талкууланды.

Тема боюнча студенттерге маалымат берилип, суроо-жооп жана пикир алмашуу уюштурулду. Студенттер талкууга активдүү катышып, мамлекеттер аралык кызматташтыктын артыкчылыктары жана анын коомдук өнүгүүгө тийгизген таасири боюнча өз ойлорун билдиришти.

Куратордук сааттын жыйынтыгында студенттер КМШнын түзүлүү тарыхы, мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүдөгү орду жөнүндө кеңири түшүнүк алышты.