1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

19

Кесиптик кыргыз тили: теориясы жана практикасы

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында “Кесиптик кыргыз тили: теориясы жана практикасы” аталышындагы республикалык илимий-тажрыйбалык конференция 2026-жылдын 19-ноябрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп өттү. Конферециянын максаты кесиптик кыргыз тилин окутуунун теориялык негиздерин, кесиптик коммуникациянын сапатын жогорулатуугп, мамлекеттик тилдин кесиптик чөйрөдө колдонулушун кеңейтүү жана окутуунун натыйжалуу усулдарын талкуулоого, ЖОЖдордун окутуучуларынын жана окумуштууларынын ортосундагы илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталды.

Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент Г.К.Бакирова онлайн форматта катышып, “Эне тили – улуттук баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүүнүн негизги каражаты” деген темада баяндама жасады. Баяндамада улуттук баалуулуктардын системасындагы тилдин ролу, тил улуттун эң башкы баалуулугу жана бардык башка руханий баалуулуктарды жаратуучу, сактоочу жана муундан муунга жеткирүүчү курал экендиги мазмундуу баяндалды. Иш-чаранын жыйынтыгында доцент Г.К.Бакировага пайдалуу жана таасирдүү баяндама жасагандыгы үчүн тастыктама (сертификат) ыйгарылды.