1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

16

Илимий семинар

2026-жылдын 12-ноябрында илим айында жүргүзүлүүчү иштердин алкагында филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн илимий семинарга студенттер, магистранттар жана жаш изденүүчүлөр арбын катышышты. Иш-чараны кафедра башчысы, доцент Г.Бакирова ачып, жаш изденүүчүлөр үчүн илимий семинардын чоң мааниси бар экендигин белгиледи. Семинарда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун магистратурасынын бүтүрүүчүсү, бүгүнкү күндө англис тили жана адабияты кафедрасында эмгектенип жаткан магистр Сарыбаева Айрина Алишеровна илимий макаланын структурасы боюнча кызыктуу доклад окуса, аны андан ары улаган философ Г.Т.Токтогулова илимий иштин жол-жоболоруна коюлган азыркы талаптар боюнча жеткиликтүү айтып берди. Баяндамачыга катышуучулар тарабынан абдан көп суроолор берилип, баарына жоопторду ала алышты. Ал эми доцент Д.М.Чокоеванын өзүнүн илимий баяндамасын докторлук ишинде улуттук адабияттын метафизикасын кантип изилдеп, кандай жыйынтыктарга жетишкендиги менен коштоп айтып берген баянын жаштар кызыгуу менен тыңшашып, илимий семинар андан-ары суроо-жооп формасында уланды. Иш-чарада окулган илимий баяндамалар жаштардын жандуу кызыгуусун жараткандыгы алардын берген суроолорунан байкалды.