1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

19

Кыргыз тили илимдин тили катарында

10-ноябрь – Илим күнүнө карата филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан “Ноябрь айы – илим айы” деген аталыштын алкагында 10-ноябрда “Кыргыз тили илимдин тили катарында” деген темада лекция-диспут уюштурулду. Иш-чарада кафедра башчысы, ф.и.к, доцент Г.К.Бакирова “Академик Б.Орузбаева жана кыргыз тил илими” деген темада баяндама жасап, окумуштуунун кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана белгилүү эмгектеринин илимдеги жана лингвистикалык билим берүүдөгү мааниси жонүндө маалыматтарды берди. Ал эми ф.и.к., доцент А.Оморов “Кыргыз тили илимдин тили боло алабы?” деген темадагы баяндамасында кыргыз тилинин стилдик өзгөчолүктөрү, кыргыз лексикасынын стилдик катмарлары жөнүндө сөз кылды. Доцент Д.М.Чокоева академик Б.Орузбаеванын кыргыз тилин мамлекеттик тил катары белгилеген мыйзамды кабыл алдыруу үчүн күрөштүн башында туруп жүргүзгөн иштери тууралуу кеп салды. Иш-чаранын жүрүшү студенттерди кызыктырган суроолор менен коштолуп, суроо-жооп иретинде мазмундуу  талкуу уюштурулду.