1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

61

Улуттук каада-салттын адабиятка, маданиятка жана мамлекеттик тилге тийгизген таасири талкууланды

2026-жылдын 19-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилинин КТ-1-24 тайпасынын студенттери «Улуттук каада-салттын адабиятка, маданиятка, мамлекеттик тилге тийгизген таасири» аттуу иш-чарага катышып келишти.

Иш-чаранын коногу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн төрайымы Койчуманова Нуркан Кадырoвна болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук каада-салттардын адабияттагы жана маданияттагы орду, алардын мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө тийгизген таасири тууралуу мазмундуу маек уюштурулду. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, конок менен пикир алышып, пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө активдүүлүгүн көрсөткөн Филология институтунун КТ-1-24 тайпасынын студенти Осорова Чынарбүнүн суроосу “эң мыкты” суроо деп табылып, ага конок тарабынан өзүнүн автордук китеби белекке берилди.

Мындай жолугушуулар студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырып, адабиятты, маданиятты жана мамлекеттик тилди тереңирээк таанып-билүүсүнө өбөлгө түзөт.