1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

63

КМШ өлкөлөрүнүн саясий-маданий байланыштары

                2026-жылдын 18-ноябрында Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-25 тайпасында куратор Омурзакова Уулкандын жетекчилиги менен «КМШ өлкөлөрүнүн саясий, маданий, экономикалык жана башка байланыштары» аттуу мазмундуу тарбиялык-куратордук сабак өтүлдү.

            Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин геосаясий жана маданий кругозорун кеңейтүү, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлүү тарыхы, укуктук негиздери жана азыркы кызматташтык багыттары тууралуу системалуу түшүнүк берүү, ошондой эле эл аралык мамилелердеги толеранттуулукка жана өз ара урматтоого тарбиялоо болду.

            Куратордук сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттерге көрсөтмөлүү слайддар, карталар жана тематикалык баяндамалар аркылуу төмөнкү маселелер кеңири түшүндүрүлдү.  Студенттер кызматташтыктын тарыхы жана курамы, географиялык жайгашуусу, жаратылышы жана климаты, саясий жана экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштары тууралуу маалымат алды.

            Сабактын соңунда КТ-1-25 тайпасынын студенттери суроо-жоопторго активдүү катышып, алынган маалыматтарды келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө — айрыкча тил, адабият жана маданияттар аралык коммуникацияны түшүнүүдө колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешти.