1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

66

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине – 35 жыл

2026-жылдын 18-ноябрында КТ-1-24 тайпасында «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине – 35 жыл» аталышындагы кезектеги куратордук саат өткөрүлдү.

Куратордук сааттын негизги максаты – студенттерге Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлүү тарыхы, анын негизги максаттары, ишмердүүлүгү жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтык тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле жаштардын тарыхый билимин тереңдетүү жана дүйнө таанымын кеңейтүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан КМШнын түзүлүү тарыхына, анын калыптануу этаптарына, негизги багыттарына жана шериктештикке мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташтыгына арналган презентациялар даярдалып, көрсөтүлдү. Презентациялардын алкагында студенттер КМШнын түзүлүшүнө негиз болгон тарыхый жагдайлар, уюмдун максаттары жана милдеттери, ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү ролу жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүштү.

Куратордук саатты дагы да кызыктуу жана мазмундуу өткөрүү максатында студенттерге темага байланыштуу ар түрдүү тапшырмалар берилди. Алардын алкагында студенттер өздөрүнүн тарыхый билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын жана алган маалыматтарын практикада колдонуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Тапшырмаларды аткаруу учурунда студенттер активдүүлүгүн көрсөтүп, өз ара пикир алмашып, берилген суроолорго жооп берүү менен иш-чарага жигердүү катышышты.

Мындай интерактивдүү тапшырмалар куратордук сааттын мазмунун байытып гана тим болбостон, студенттердин темага болгон кызыгуусун арттырып, командалык иштөө жана өз оюн эркин билдирүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө да өбөлгө түздү.

Жыйынтыгында, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 35 жылдык тарыхына арналган куратордук саат кызыктуу, жандуу жана таанып-билүүчүлүк маанайда өттү. Студенттер КМШнын түзүлүү тарыхы жана анын эл аралык кызматташтыктагы орду тууралуу жаңы маалыматтарга ээ болушту.