1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

63

Студенттердин эл аралык күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү

2026-жылдын 17-ноябрь күнү кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-24 тайпасында “17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнү” аталышындагы тарбиялык мааниси терең куратордук саат өткөрүлдү.

Куратордук сааттын негизги максаты – студенттерге Студенттердин эл аралык күнүнүн келип чыгуу тарыхы, анын белгиленишинин мааниси жана дүйнөлүк коомчулуктагы орду жөнүндө кеңири маалымат берүү менен бирге, жаш муундардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, студенттик жоопкерчиликти, ынтымакты жана биримдикти даңазалоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө алгач 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнүн келип чыгуу тарыхына токтолуп, бул күндүн тарыхый негиздери, анын белгиленишине себеп болгон окуялар жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кандайча белгиленип келери тууралуу маалыматтар берилди. Студенттерге бул майрам жөн гана көңүл ачуу күнү эмес, жаштардын укуктарын, эркиндигин, билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн жана коомдогу активдүү ордун чагылдырган маанилүү дата экендиги белгиленди.

Мындан тышкары, студенттик курактын адам жашоосундагы өзгөчө орду, бул мезгилде билим, тажрыйба топтоонун, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн жана келечектеги кесиптик багытты туура тандоонун мааниси тууралуу пикир алмашуу болду. Билимдүү, мекенчил, жоопкерчиликтүү жана демилгелүү жаштар өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошо алары баса белгиленди. Ошондой эле студенттердин окуу жайдын коомдук-маданий турмушуна активдүү катышуусу, өз ара сый-урматты сактоосу, убакытты туура пайдалануусу жана алдыга так максат коюп, ага умтулуусу зарыл экендиги айтылды.

Иш-чаранын соңунда куратор студенттерди майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, ар бирине бекем ден соолук, окууда ийгиликтерди, чыгармачылык дем-күчтү, бийик максаттарды жана жаркын келечек каалады. Студенттик курактын ар бир көз ирмемин баалап, берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, татыктуу адис жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон инсан болуп калыптанууларына тилектештигин билдирди.

Куратордук саат жылуу маанайда жыйынтыкталып, студенттер үчүн мазмундуу, таалим-тарбиялык мааниси бар иш-чаралардын бири болду.