1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

15

1-курстун магистранттарын практикага жөнөтүү

2026-жылдын 16-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты квалификациясындагы магистрдик программа боюнча байланышпаган багыттары боюнча жогорку кесиптик билими бар адистер сырттан окуу бөлүмүндө окуп жатышкан КТмс(нр)-1-26 тайпасындагы магистранттарды кесиптик-базалык жана кесиптитк профилдик практикага жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Конференциянын башталышында кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, доцент Г.К.Бакирова кесиптик-базалык практиканын максатын, милдеттерин түшүндүрдү. Аталган практиканын негизги максаты компетенттүү адистерди жогорку профессионалдык деңгээлде даярдоо, жалпы билим берүүчү мектеп мугалимдеринин окуу-тарбия ишмердүүлүктөрү тууралуу кесиптик билимдердин системасын калыптандыруу болуп эсептелерин билдирди.

Конференциянын жүрүшүндө магистранттарга практика өткөрүү үчүн жолдомолор, жол карталар тапшырылды жана практиканы жетектөөчү усулчулар тааныштырылды. Кафедра мүчөлөрү – профессор И.Абдувалиев, доценттер А.Оморов, Д.Чокоева, Г.Кочорова , А.Шерипбаевдер усулчу катары магистранттарга окуу-усулдук жана илимий багыттагы кеп-кеңештерин беришти жана ийгиликтерди каалашты.