1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

153

Базалык мектепте өтүлгөн семинар

2024-жылдын 23-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, фил.и.к. Г.К.Бакирова практика жетекчиси катары шаардагы №4 мектеп-гимназиясында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалардагы өзгөрүүлөр боюнча семинар өткөрдү. Иш-чара мектептеги жаш мугалимдердин, практиканттардын жана жогорку класстардын окуучуларынын катышуусунда өтүп, көтөрүлгөн  маселелер боюнча суроо-жооп иретиндеги талкуулар менен коштолду.