Практиканын жүрүшүнөн
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин 3-курсунун студенти Арзыкулова Зейнеп Акылбековна Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясына 1-апрелден 4-майга чейин кесиптик-базалык практикасын өтөөгө жиберилген.
Ал 23-апрелде 6-класска кыргыз тили сабагынан "Шарттуу ыңгай" деген темада көргөзмөлүү ачык сабагын өттү. Ачык сабакка кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын практика боюнча жооптуу Г.О.Кудайкулова, кафедрадан бөлүнгөн практика жетекчиси Ырысбай кызы Салима жана мектептен бөлүнгөн жетекчи М.Камчибекова катышышты. Зейнеп, сабагында кыргыз тилинин окутуунун усулу предметинен алган теориялык билимдерин колдонуу менен окутуунун түрдүү жаңы ыкмаларын пайдаланды. Акырында Зейнептин сабагына усулчу, жетекчи катары анализдер берилип, эске алынуучу маанилүү жактар белгиленди. Сабактын формасына, структурасына жана мазмунуна карата ой-пикирлер, сунуштар айтылды.