1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи

Педагогикалык колледжи

Телефон:

Туулган күн:

October 13, 1982

Каттоодон өтүү:

25.10.2025

Акыркы кириш:

4 недели назад

Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун Педагогикалык колледжинин кыскача тарыхы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Педагогикалык колледж Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга жана ЖАМУнун уставына ылайык, 1999-жылдын 11-февралындагы № 41 буйругунун негизинде индустриалдык-педагогикалык техникум катары түзүлгөн.

2008-жылдын 28-майында ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинде каралып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2008-жылдын 8-августундагы № 487/1 буйругунун негизинде индустриалдык-педагогикалык техникум Жалал-Абад колледжи болуп өзгөртүлгөн.

Алгачкы жетекчиси болуп ЖАМУнун «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын ага окутуучусу Эшкожоев Топчалы Ибраимович дайындалып, 2003-жылдын декабрь айына чейин жетекчилик кылган. 2004-жылдын январынан май айына чейин колледжди ЖАМУнун «Физика» кафедрасынын ага окутуучусу Темиркулова Клара Тазабековна жетектеген. 2004-жылдын май айынан 2011-жылдын май айына чейин «Эл агартуунун отличниги» Матанбаева Зымырат Эркуловна жетекчи болуп иштеп, колледждин өнүгүүсүнө зор салым кошкон. 2011-жылдын 17-майынан тартып х.и.к., доцент Адышева Азизбү Адышевна жетекчи болуп дайындалып, 2013-жылдын сентябрь айына чейин үзүрлүү эмгектенди. 2013-жылдын сентябрь айынан 2024-жылдын август айына чейин п.и.к., доцент Турдубаева Бариса Майлыевна колледжди жетектеп, бир катар маанилүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашырды.

2024-жылдын август айынан тартып ЖАМУнун тиешелүү буйругунун негизинде Жалал-Абад педагогикалык колледжи өз алдынча билим берүү мекемеси болуп, Жалал-Абад колледжинен бөлүнүп чыкты. 2025-жылдын 30-июнуна чейин колледжди Маматумаров Абубакир Таштемирович жетектеди. 2025-жылдын 30-июнундагы №254 буйрукка ылайык, колледж Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун Педагогикалык колледжи болуп аталып, учурда колледждин директору Салибаева Кенжегүл Паратовна жетектеп келүүдө.

Педагогикалык колледждин миссиясы

АЙМАКТЫК, РЕСПУБЛИКАЛЫК, ЭЛ АРАЛЫК ЭМГЕК РЫНОГУНДА КОНКУРЕНЦИЯГА ЧЫДАМДУУ,  КЕСИПКӨЙ ОРТО КЕСИПТҮҮ ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО

Колледждин баалуулуктары

  • «Ырыс алды – ынтымак» – жамаатта өз ара түшүнүшүү, колдоо жана ынтымак өкүм сүрөт;
  • Ар бир окутуучу студенттин инсандык сапатын жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошот;
  • Окутуучулар сабактарында заманбап педагогикалык жана санариптик технологияларды колдонот;
  • Колледж өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат;
  • Социалдык өнөктөштөрдүн колдоосу колледждин ишин шыктандырат;
  • Окутуучулардын жана студенттердин санариптик сабаттуулугу жогору деңгээлде;
  • Колледждин окутуучулары студенттер үчүн ишенимдүү жана үлгүлүү устаттар.

Колледждин иштөө принциптери

  • Жаңылануунун жана инновациянын натыйжасын көрө билүү;
  • Ар бир окутуучунун жеке салымы – жамааттын ийгилигинин негизи;
  • Студенттер үчүн жагымдуу, коопсуз жана эркин ой жүгүртүүгө шарт түзүү;
  • Устаттык жана кесипкөйлүк маданиятын өнүктүрүү;
  • Студенттерди конок сыяктуу урматтап кабыл алуу – окутуунун маданияты катары;
  • Айкындуулук, чынчылдык жана маселелерди кеңешүү жолу менен чечүү.

Педагогикалык колледждин келечектеги максаттары

  • Өлкөнүн социалдык-экономикалык талабына ылайык узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу;
  • Компетенттүүлүккө негизделген билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • Ишкердик жана инновация элементтерин камтыган окутуу моделин өнүктүрүү;
  • Социалдык өнөктөштүк жана колледждин имиджин чыңдоо;
  • Коопсуз жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү;
  • Студенттердин карьералык өнүгүүсүн жана социалдык-экономикалык колдоону камсыз кылуу.

Педагогикалык колледждин артыкчылыктары

·         Заманбап материалдык-техникалык базанын болушу – билим берүү процессин сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөт;

·         Студенттерди жумушчу ордунда окутуу системасынын ишке ашырылышы – практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет;

·         Окуу-өндүрүштүк комплекстердин болушу – билимди өндүрүш менен айкалыштырат;

·         Карьера бөлүмүнүн иштеши – потенциалдуу абитуриенттер, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз байланыш түзөт, эмгек рыногунун талаптарын анализдейт;

·         Студенттер жана окутуучулар ар кандай деңгээлдеги конкурс, олимпиада жана фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болушат;

·         Бардык адистиктерде “Ишкердик курсу” окутулат, студенттер билим алып бүткөн соң жеке ишкер катары өз бизнесин ачууга даяр болушат;

Жаңы жана пайдалуу демилгелер жамаат ичинде тез жайылтылып, ишке ашырылат.

Педагогикалык колледжинин штаттык бирдиктери

Кызматы ставка Иштин түрү Эскертүү
1 Директор 1,00 бюджет Салибаева Кенжегүл Паратовна
2 Директордун мамлекеттик тил, социалдык иштер жана тарбия иштери боюнча орун басары 1,00 контракт Кушбакова Рахат Шукуровна
3 Карьера жана өндүрүштүк практика жетекчиси 1,00 контракт Кудукбаева Элмира Эмилисовна
4 Окуу методикалык иштери боюнча инспектор 1,00 контракт Калчакеева Айдай Кубанычбековна
5 Инженер-программист 1,00 контракт Алиев Бексултан Мыктыбекович
6 Лаборант 1,00 бюджет Абдыкадырова Айжамал Адилбековна
7 Иш кагаздарын жүргүзүүчү 1,00 бюджет Сапарбаева Мээримай Медетбековна

Педагогикалык колледжинин уюштуруу структурасы

Даярдалган адистиктер

Адистиктин коду Адистиктин аталышы Квалификация Окуу мөөнөтү орто билимдин негизинде Негизги билимге негизделген окуунун узактыгы
050709 Башталгыч класстарда окутуу Башталгыч класстын мугалими 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
050704 Мектепке чейинки билим берүү Бала бакча тарбиячысы 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
050721 Дене тарбия Дене тарбия жана спорт мугалими 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай

Окуу планын толук аяктагандан кийин студенттер мамлекеттик стандарт боюнча орто кесиптик билими тууралуу диплом алышат.

Педагогикалык колледждин көз карандысыз аккредитациядан өтүү жана билим берүү                                                 программалары жөнүндө маалымат

Уюм Аккредитациялык күбөлүк Буйрук Шифр/Адистиги
“Билим-стандарт” Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги Коомдук фонду № VK230000095 № 1а/2023 050709
1.“Билим-стандарт” Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги Коомдук фонду2. .“Билим-стандарт” Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги Коомдук фонду № VK190000530  № VK240000221 № 019/2а  № 16/1а 050704  050704
1.“Билим-стандарт” Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги Коомдук фонду2. .“Билим-стандарт” Көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги Коомдук фонду № VK190000530  № VK240000221 № 019/2а  № 16/1а 050704  050704

Педагогикалык колледждин  профессордук-окутуучулук курамы

Колледжде 77 окутуучу эмгектенет, анын 70 штаттык жана 7 айкалыштыруучу окутуучу.

Колледждин окутуучулары өз билимдерин жогорулатуу боюнча системалуу түрдө иш алып барышат. Алар окутуунун интерактивдүү ыкмалары боюнча ар кандай окуу-методикалык семинарларга катышышат.