1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. «Мектепке чейинки билим берүү» ПЦКсы

«Мектепке чейинки билим берүү» ПЦКсы

Анара

ПЦКнын башчысы

Телефон:

222 638 282

Каттоо:

29.12.2023

Акыркы сапар:

8 месяцев назад

Даярдаган адистиги:

050704 Мектепке чейинки билим берүү

050704 Мектепке чейинки билим берүү бүтүрүүчүнүн компетенциясы:

- Балдардын укуктары жана чоң адамдардын балдарга карата милдеттери жѳнүндѳ, мектепке чейинки билим берүүдө окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо багытындагы негизги документтерди билүү;

- Мектепке чейинки курактагы балдар менен өз ара аракеттенүү, эрте жаштагы жана мектепке чейинки курактагы балдар менен иштешүүдө мамилени ишке ашыруу, баланы тарбиялоодо жана окутуунун деңгээлин анализдөө;

- МЧББ уюмдарында сабактардын жадыбалдарын жана белгиленген күн режимин сакталышын камсыз кылуу, балдар бакчаларында балдардын жашоосун уюштуруу;

- Мектепке чейинки ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн башкаруу, ошол иш-жөндөмгө ээ болуу, өнүктүрүү, окутуу жана билим берүү максаттарына жетишүү үчүн өнүктүрүү ыкмасын колдонуу.

МЧББ ПЦКсынын окутуучулар курамы

Ф.А.А Билими Кызматы
1 Кыргызбаева Айсулуу Кимсановна 1. Жалал-Абад ш, А.С.Пушкин атындагы педогогикалык  уччилища 1990-1992ж. Билими: атайын орто, адистиги: мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячысы. 2.ЖАМУ, филология факультети, 1998-2003ж. Билими: жогорку, адистиги: кыргыз тили жана адабияты мугалими. Окутуучу
2 Шерматова Миргул Акылбековна ЖАМУ, Агрардык-технологиялык факультети, 1997-2002ж. Жогорку билимдүү, адистиги: химия мугалими. Окутуучу
3 Чекиргозова Гүлбара Аданбаевна Ош технологиялык университети, финансы-экономикалык факультети, 1997-2002ж. Жогорку билимдүү, адистиги: экономикадагы математикалык методдор жана операцияларды изилдөө. Окутуучу
4 Тукуева Назгүл Таштановна КР президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов Мамлекеттик башкаруу академиясы, 2011-2012ж. Билими: магистр, адистиги: менеджмент. Окутуучу
5 Режапова Эльмира Алибековна ОшГУ, Бизнес жана Менеджмент факультети, 2004-2008ж. Билими: бакалавр, адистиги: экономист Өндүрүш практика жана карьера жетекчиси
6 Бабаева Анаргул Абытовна 1.ЖАМУ, эл аралык мамилелер жана дүйнө тилдери факультети, 2006-2011ж. Билими: жогорку, адистиги: чет тили мугалими. 2.Жалал-Абад колледжи, мектепке чейинки билим берүү бөлүмү, 2016-2018ж. Адистиги: мектепке чейинки балдардын тарбиячысы. МЧББ ПЦКсынын жетекчиси
7 Калимбетова Элиза Султанбековна жогорку, Экономика жана ишкердик университети, Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит Окутуучу
8 Тороева Кайринса Омошовна А.С. Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайы. Окутуучу
Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын окутуучулары: Ташматова Айнагул, Кыргызбаева Айсулу, Анарбай кызы Айтбү
Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын окутуучулары: Ташматова Айнагул, Кыргызбаева Айсулу, Анарбай кызы Айтбү

Кесипке багыт берүүчү иштер

Бизди танданыз, анткени:

  • Мектепке чейинки билим берүү адистигинде бюджеттик негизде окуу;
  • Бул адистикте билим алып, жеке менчик балдар бакчаларын ачуу мумкунчулу бар;
  • Окутуучулар жана студенттердин ортосундагы жагымдуу атмосфера;
  • Шаардык жана райондук мектепке чейинки билим беруу уюмдарына жумушка жайгашуу;
  • Алдынкы тажрыйба борборунда татыктуу билим алуу;

Мектепке чейинки билим берүү адистигин окуп бүтүп сиз иштей аласыз

  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдары;
  • Балдарды кароочу күндүз иштеген мекемелер;
  • Бала бакчалар;
  • Өзгөчө билим берүү жана реабилитациялоо борборлору;
  • Туризм жана спорт борборлорунун балдар ойноочу бөлмөлөрүндө;
  • Балдар менен иштеген мекемелер жана уюмдар;
  • Оюн борборлору жана оюн группалары.

“Мектепке чейинки билим берүү” адистигин колледжде окуп бүтүргөндөн кийин, бүтүрүүчү тандап алган кесибин жогорку окуу жайларды өз мекенинде жана чет өлкөдө окуусун уланта алат. Ошондой эле, биздин колледждин бүтүрүүчүсү балдар бакчаларында балдардын сүйүктүү тарбиячысы болуп иштей алат.

Мектепке чейинки билим берүүадистигинин бүтүрүүчүлөрү:

Жалал-Абад шаарындагы “Биздин Келчек” МЧББУтарбиячысы

Толонова Жаныл ЖАКтын жана мектепке чейинки билим берүү адистигинин окуутуучаларына терен ыраазычылык билдиргим келет. Себеби мен, Толонова Жаныл бугунку кундо Жалал-Абад шаарындагы Биздин Келечек мектепке чейинки билим беруу мекемесинде тарбиячы болуп эмгектенип жатам. Алган билимимдин натыйжасында мыкты тарбиячы боло алдым. Андыктан дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Жалал-Абад шаарындагы “Биздин Келчек” МЧББУтарбиячысы

Ош облусу Кара-Суу районунун  “Жаш канат” МЧББУ тарбиячысы

Адилбек кызы Аида Мен Жалал-Абад коледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигин аяктадым. Учурда Ош облусу Кара-суу районундагы "ЖАШ-КАНАТ" балдар бакчасында тарбиячы болуп иштеп жатам, албетте колледжден алган билимим, окутуучулар жамаатынын талыкпаган эмгегинин негизинде. Мен коптогон тажрыйбаларды алдым, андыктан окутуучулар жамаатына терен ыраазычылык билдирем Ош облусу Кара-Суу районунун “Жаш канат” МЧББУ тарбиячысы

Жалал-Абад облусу Токтогул районундагы  № 1 “Достук”  МЧББУ тарбиячысы

Курманбекова Зульфия Мен Курманбекова Зульфия, Жалал- Абад коледжинин мектепке чейинки билим беруу адистигин аяктадым. Ал учун ЖАКтын жалпы жааматына жана спец.окутуучуларга ыраазычылык билдирем. Учурда Токтогул шаарында № 1 «Достук» балдар бакчасынында тарбиячы болуп иштеп жатам. Жалал-Абад облусу Токтогул районундагы № 1 “Достук” МЧББУ тарбиячысы

Студенттин турмушунан

Биздин адистиктерге келиңиз – мыкты билим алыңыз!

Окуу жайдын дареги:

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университети

Жалал-Абад шаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси №57

Жалал-Абад колледжи

Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү №16/1

факс: (03722) 5-03-33, тел.: (03722) 5-59-68, +996 772 453 696

Email: rector@jagu.kg, barisa08@mail.ru; сайт: jagu.edu.kg

Зарыл болгон документтер:

• Абитуриенттин арызы;

• Орто билими жөнүндө аттестат;

• Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк;

• 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

• 086/У формасындагы мед.тактама;

• Паспорттун көчүрмөсү, паспорт алууга жашы жете электерге туулгандыгы

тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

• Аскердик билети же ыйгарылган (приписной) күбөлүгү.