1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад педагогикалык колледжи
  4. Дене тарбия ПЦКсы

Дене тарбия ПЦКсы

Жумабек

ПЦКнын башчысы

Телефон:

502 414 192

Туулган күн:

November 24, 1989

Каттоо:

29.12.2023

Акыркы сапар:

8 месяцев назад

Даярдаган адистиги:

  • 050721 Дене тарбия мугалими

Бүтүрүүчүнүн компетенциясы:

  • Ѳз ишмердигин уюштуруу, кесиптик маселелерди чечүүнүн методдорун аныктоо, алардын натыйжалуулугун жана сапатын баалоо;
  • Маселелерди чечүү, стандарттуу жана адаттан тыш кырдаалдарда чечим кабыл алуу, демилге кѳтѳрүү жана жоопкерчиликти мойнуна алуу;
  • Аткарылган иш чара үчүн жаамааттын мүчөлөрүн окутууда жоопкерчиликти өз мойнуна алуу;
  • Дене тарбиясы сабагын пландаштыруу, максатын жана милдетин аныктоо;
  • Окуу процессинин жыйынтыгын баалоо жана педагогикалык талдоо жүргүзүү.

Окутуучулар курамы

Ф.И.О Билими Илимий даража Кызматы
1 Ажыкулов Жумабек Анарбекович ЖАГУ 2012 жогорку, адистиги дене тарбия   Дене тарбия ПЦКсынын башчысы
2 Камбарали уулу К. ЖАГУ 2019 бакалавр, дене тарбия адистиги   Окутуучу
3 Кубатбеков А.М. ЖАГУ 2022 бакалавр, дене тарбия адистиги   Окутуучу
4 Макамбаев Ы.Ж. ОшМУ 2001-ж. жогорку, юрист   Окутуучу
5 Мамасалиев Ж.А. ЖАГУ 2012 жогорку билим, дене тарбия адистиги   Окутуучу
6 Насиржанов А.Н. ЖАГУ 2022 бакалавр, дене тарбия адистиги   Окутуучу
7 Нурдун уулу Э. ОшМУ 2021 Магистр, дене тарбия адистиги   Окутуучу
8 Оморкулов А.Н. Н.Исанов атындагы КМУ 2015 жогорку, уюштуруучулук менеджмент адистиги   Окутуучу
9 Разаков М. ЖАГУ 2008 жогорку, адистиги дене тарбия Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, д.м.а. Окутуучу
10 Сыдыков У.К. ЖАГУ 2022 бакалавр, дене тарбия адистиги   Дене тарбия жана аскер жетекчиси
11 Шамшиев К.А. ЖАГУ 2005 жогорку, өнөр жай электроника адистиги   Окутуучу

Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНИН ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМИ КЕСИБИНЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ ЧАРАСЫ

Ушул кесипти тандоодогу себептер

  • Мектептерде дене тарбия мугалими жетишпегендиктен, Сизди токтоосуз ишке айгаштырат;
  • Ушул кесиптеги окутуучуларга, орточо айлык акысы 15-20 миң сом (Хорошая заработная плата);
  • Мектептерде жана спорт мектептеринде, дене тарбия мугалими жана машыктыруучулар жетишсиз;

Дене тарбия адистигин бүткөндөр төмөнкү кесиптер менен иштей алышат

  • Орто мектептердеги дене тария мугалими;
  • Спорт мекептеринин машыктыруучусу;
  • Айыл өкмөттөрдөгү спорт инструкторлору;
  • Мекеме ишканаларга спорт инструкторлору;
  • Укук коргоочу мекемелердеги спорт инструкторлору.

Бүтүрүүчүлөрдүн ой пикири

Солпуев Нураалы Мен солпуев Нураалы бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында жайгашкан №17 орто мектепте, дене тарбия мугалими болуп эмгектенип келе жатам. Окуткан окутуучуларга өтө ыраазымын. Абитуриенттерди ушул кесипке үндөйм. Себеби, мен өзүм туруктуу айлык жана жумуш орду менен камсыз болдум. Бул кесип ото кызыктуу ар турдүү спорттук иш чараларды өткөргөндө, өзүмдүн кылган эмгегиме канааттанамын.

Сапарбек уулу Арген Мен Сапарбек уулу Арген, Массы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде, машыктыруучу болуп эмгектенемин. Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүсүмүн. Алган билимиме өтө ыраазымын. Агайлар Раззаков М. Ажыкулов Ж. ж.б. берген билимин колдонуп машыктыруучу болуп эмгектенүүдөмүн. Урматуу бүтүрүучүлөр, ушул кесипти дандагыла, дене тарбия багытында ар дайым иш орундары бар жана өтө кызыктуу кесип.

Биздин адистиктерге келиңиз – мыкты билим алыңыз!

Окуу жайдын дареги:

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университети

Жалал-Абад шаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси №57

Жалал-Абад колледжи

Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү №16/1

факс: (03722) 5-03-33, тел.: (03722) 5-59-68, +996 772 453 696

Email: rector@jagu.kg, barisa08@mail.ru; сайт: jagu.edu.kg

Зарыл болгон документтер:

• Абитуриенттин арызы;

• Орто билими жөнүндө аттестат;

• Толук эмес орто билими жөнүндө күбөлүк;

• 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

• 086/У формасындагы мед.тактама;

• Паспорттун көчүрмөсү, паспорт алууга жашы жете электерге туулгандыгы

тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

• Аскердик билети же ыйгарылган (приписной) күбөлүгү.