1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 дня назад

15

ЖАМУнун студенти «АЗИЯНЫН ЭҢ МЫКТЫ СТУДЕНТИ-2026» эл аралык сынагында I орунду ээледи.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-23 тайпасынын 4-курсунун студенти Муминова Айша «АЗИЯНЫН ЭҢ МЫКТЫ СТУДЕНТИ-2026» эл аралык сынагына катышып, I орунду ээледи.

Сынакка даярданууда Айшага жетекчиси Арсланбекова Насыйкат Эркинбаевна колдоо көрсөтүп, насаатчылык жана кесиптик багыт берүү менен студенттин университеттин атынан татыктуу катышуусуна жана өзүнүн жетишкендиктерин көрсөтүүсүнө көмөк көрсөттү.

Жеңишке байланыштуу Муминова Айша Казакстан Республикасынын Астана шаарына салтанаттуу сыйлоо аземине чакырылды. Иш-чаранын алкагында ага I орун үчүн диплом, медаль, күбөлүк жана эстелик статуэтка тапшырылат.

Бул жетишкендик студенттин окуудагы жана коомдук активдүүлүгүнүн татыктуу жыйынтыгы болуп, Филология институту жана Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети үчүн сыймыктуу жетишкендик болуп саналат.

Муминова Айшаны жана анын жетекчиси Арсланбекова Насыйкат Эркинбаевнаны жеңиши менен куттуктайбыз! Аларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана жаркын жеңиштерди каалайбыз!