1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

35

«Эне тилим – улуттун улуу мурасы»

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында ЧТк-3-23 тайпасы жана куратор Жороева Гулбара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Эне тилим – улуттун улуу мурасы» аттуу майрамдык куратордук саат уюштурушту.

Куратордук сааттын негизги максаты – студенттердин эне тилге болгон сүйүүсүн арттыруу, мамлекеттик тилди урматтоого үндөө, улуттук баалуулуктарды аздектөөгө жана тилди таза, туура колдонууга тарбиялоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тилдин адамдын жашоосундагы орду жана улуттун руханий мурасы катары мааниси тууралуу даярдалган слайддарды көрсөтүштү. Ошондой эле «Акыйнек» айтышы уюштурулуп, көркөм окуулар, макал-лакаптар жана дастан айтуулар тартууланды. Студенттер тилди даңазалаган ырларды аткарып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Мындан сырткары, окутуучулар жана студенттер үчүн тилге байланыштуу кызыктуу оюндар жана интерактивдүү тапшырмалар уюштурулуп, катышуучулар активдүү катышышты. Мындай оюндар иш-чаранын мазмунун байытып, студенттердин билимине жана чыгармачылык активдүүлүгүнө оң таасирин тийгизди.

Майрамдык куратордук сааттын жүрүшүндө эне тил – элдин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана руханий дүйнөсүн муундан муунга жеткирген баа жеткис мурас экендиги белгиленди.

Тилди урматтоо – улутту урматтоо. Эне тилди сактоо жана өнүктүрүү – ар бирибиздин милдетибиз.