1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

41

«Университет, студент жана ата-эне — бир максатта»

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында бүгүн, 24-сентябрда ЧТ-1-24 тайпасынын куратору Жумабекова Насиба кезектеги ата-энелер менен жолугушуу кечесин уюштурду. Бул жолугушуу «Университет, студент жана ата-эне — бир максатта» деген темада уюштурулду. Ар бир ата-эне үчүн баласынын келечеги — эң чоң үмүт жана эң чоң жоопкерчилик. Ал эми биз, окутуучулар үчүн ар бир студент — ишеним артылган жаш муун, келечектеги кесипкөй адис жана коомдун эртеңки жүзү. Анткени студенттин ийгилиги — бир гана анын жеке аракети эмес. Анын артында үй-бүлөнүн колдоосу, окутуучунун багыты жана окуу жай түзүп берген мүмкүнчүлүктөр турат.

“ЖАМУ — жаркын келечекке карай” деген темада окуу жайыбыздын бүгүнкү өнүгүүсү, заманбап мүмкүнчүлүктөрү, материалдык-техникалык базасы, билим берүү багыттары жана келечектеги өнүгүү максаттары жөнүндө слайд-презентиция көрсөтүлдү.

Ошондой эле студенттердин окуудагы, илимий-изилдөө иштериндеги, коомдук-маданий, чыгармачылык жана спорттук жетишкендиктери жана өзгөчө ийгилик жараткан студенттер тууралуу маалыматтар берилди.

Ата-энелердин ой-пикирлерин жана сунуштарын билүү үчүн өтө суроо-жооптор талкууланды.

Уюштурулган жолугушуу ата-энелерге окуу жайдын өнүгүүсү жана жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды берип, студенттердин окуусуна жана тарбиясына ата-энелердин кызыгуусун арттырып, университет менен ата-энелердин туруктуу жана ишенимдүү байланышын түзүп өз максатына жетти.