1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

40

ТАЖРЫЙБА БӨЛҮШҮҮ — КЕСИПТИК ӨСҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында жаш окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган тажрыйба алмашуу сабагы өткөрүлдү.

Кафедранын улуу окутуучусу Гулбара Жороева жаш окутуучуларга наставник катары сабак өтүп, өзүнүн бай тажрыйбасы жана педагогикалык усулдары менен бөлүштү.

Жаш окутуучулар сабакка катышуу менен окутуунун натыйжалуу ыкмалары, студенттер менен иштөө жолдору, сабакты туура уюштуруу жана заманбап усулдарды колдонуу боюнча баалуу кеңештерди алышты.

Мындай иш-чаралар окутуучулар арасында тажрыйба алмашууга, өз ара үйрөнүүгө жана кесиптик жактан өсүүгө жакшы шарт түзөт. Айрыкча, жаш окутуучулар үчүн тажрыйбалуу кесиптештердин сабактарына катышып, алардын иш ыкмаларын байкоо — педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүүнүн маанилүү кадамдарынын бири.

Кафедрада жаш окутуучуларды колдоо, алардын чыгармачылык изденүүсүнө жана кесиптик өсүүсүнө шарт түзүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

Билим берүүдө тажрыйба бөлүшүү — өнүгүүгө жол ачат!