1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

76

 Окуу жылы жыйынтыкталды

Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча кезектеги кафедра жыйыны болуп өттү. Жыйынды кафедра башчы, п.и.к.,доцент Ы.К.Жолдошбаева жетектеди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу-методикалык, тарбиялык, илимий-изилдөө жана практикалык иштер боюнча жооптуу окутуучулар, ошондой эле адабий ийримдин жетекчилери аткарылган иш-чаралар тууралуу жылдык отчётторун беришти. Мындан тышкары, окуу жылынын жыйынтыгы менен окутуучулардын ишмердүүлүгү боюнча рейтинг чыгарылды.

Кафедра мүчөлөрүнүн талкуусунан кийин бардык багыттар боюнча сунушталган жылдык отчёттор бир добуштан «канааттандырарлык» деп табылды. Кафедра жамаатына кийинки окуу жылында да ийгиликтер болсун!