1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

152

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ЖАНА АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАЛАР АЛДЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

         Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан  2024-жылы 29-мартта 3-курстун студенттеринин кесиптик-базалык жана 2-курстун адаптациялык-педагогикалык практикаларынын алдындагы конференция өткөрүлдү. Конференцияга филология факультетинин деканы, филол.и.к., Ч.А.Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филол.и.к, доцент А.О.Калмуратова, кафедрадагы практика жетекчилери жана студенттер катышышты. Конференцияда студенттер бөлүнгөн мектеби, практика жетекчилери менен тааныштырылып, кесиптик-базалык практика учурунда “Анлис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүү, практиканын  тапшырмалары, максаттары, милдеттери жана жол карталары боюнча  маалыматтар айтылды. Практика учурундагы айрым проблемалар жана аларды алгылыктуу чечүүнүн жолдору боюнча, студенттердин  суроолоруна жооп беришти жана алдыдагы кесиптик- базалык жана адаптациялык-педагогикалык  практикаларды ийгиликтүү өтөп келүүсүнө ишеним көрсөтүштү.