1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

20 часов назад

15

Англис тили жана адабияты кафедрасынын студенттери эл аралык конференцияда сертификаттарга ээ болушту

2026-жылдын 28-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Англис тили жана адабияты кафедрасынын студенттери Апатаева Айбийке жана Эшимова Айзирек И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Язык, коммуникация и участие молодежи в развитии цифровой дипломатии» аттуу Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга ийгиликтүү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө Апатаева Айбийке «Роль студентов в международной коммуникации», ал эми Эшимова Айзирек «Жасалма интеллект жана дипломатиянын келечеги» аттуу баяндамалары менен чыгып, катышуучулардын кызыгуусун жаратты. Студенттердин илимий иштерине Англис тили жана адабияты кафедрасынын доценти Орозбаева Г.А. жетекчилик кылды.

Конференциянын жыйынтыгында Апатаева Айбийке жана Эшимова Айзирек активдүү катышып, мазмундуу баяндамаларды жасагандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты.