1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

21 час назад

11

Англис тили жана адабияты кафедрасынын  окутуучусу эл аралык деңгээлдеги тренер сертификатына ээ болду

 Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасы кезектеги чоң ийгилиги менен сыймыктанат. Кафедранын улуу окутуучусу М.Төрөмаматова  Британ Кеңеши (British Council) тарабынан уюштурулган Борбордук Азиядагы (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан) англис тили мугалимдери үчүн эл аралык тренерлерди даярдоо курсун ийгиликтүү аяктады.

Бул маанилүү окуу программасынын жыйынтыгында М. Төрөмаматова «Эл аралык тренер» (International Trainer) квалификациясын тастыктаган атайын сертификатка ээ болду.

Бул жетишкендик окутуучубуздун кесиптик чеберчилигинин жогору экендигин гана далилдебестен, ЖАМУнун филология институтунун билим берүү сапатын эл аралык деңгээлде көтөрүүгө жана келечектеги англис тили адистерин заманбап усулдар менен даярдоого чоң салым кошот.

Кафедра жамааты М.Төрөмаматованы эл аралык ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы илимий жана педагогдук иштерине албан ийгиликтерди каалайт!