1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

17

Билим сапаты бүтүрүүчүлөрдүн көз карашында

Англис тили жана адабияты кафедрасында билим алып жаткан ЧТ-1-22 жана ЧТк-2-22 тайпаларынын бүтүрүүчү студенттери арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдүн көз карашы аркылуу окутуунун сапатына баа берүү, билим берүү процессинин бүгүнкү күндүн талаптарына канчалык деңгээлде жооп берерин аныктоо жана студенттердин келечектеги кесиптик даярдыгы боюнча ой-пикирлерин угуу болду.

Сурамжылоонун жүрүшүндө студенттер окуу процессинин уюштурулушу, сабактардын мазмуну, окутуучулардын кесипкөйлүгү, практикалык даярдык жана заманбап билим берүү усулдары тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдык, эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөр жана билим берүү сапатын мындан ары да ийгиликтүү уланта берүү  боюнча  сунуштарын айтышты.

Мындай сурамжылоолор билим берүү сапатын жогорулатууга, студенттердин муктаждыктарын аныктоого жана кафедранын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жакшы  өбөлгө түзөт. Кафедра мындан ары да студенттердин ой-пикирлерине көңүл буруп, заман талабына ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоону улантат.