1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

118

Англис тили – ааламга жол

2024-жылдын 27-мартында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан конок лекция уюштурулду. Конок лекторлор ЖАМУнун англис тили жана адабияты кафедрасынын бүтүрүүчүсү, АКШнын Чикаго штатындагы В.М.Луис атындагы улуттук университетинин магистранты Шербет Суранбекова жана ошол эле университеттин PhD докторанты,  англис тили мугалими Марьям Кадер болушту. Конок лекцияга англис тили жана адабияты кафедрасынын магистрлери жана студенттери катышышты. Шербет Суранбекова катышуучуларга   жасалма интеллект (ЖИ) дүйнө жүзүндө эң тез өнүгүп жаткан прогрессивдүү технологиялык тармак болуп эсептелгенин белгилеп, англис тилин үйрөнүүгө жана жашоодо колдонуу ордун айтып берди. Докторант,  англис тили мугалими Марьям Кадер сабак өтүүнүн жаңы ыкмалары,заманбап усулдар, технологиялар жөнүндө айтып берди. Магистранттар жана студенттер чоң кызыгуу менен катышып өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты, ошондой эле бүтүрүүчү менен жакындан таанышканга да шарт түзүлдү. Мындан ары да ушундай конок лекция, сабактар  көп-көп уюштурунуу максат коюп, иш чара жыйынтыкталды.