Заманбап усулдар боюнча пикир алмашуу
Бүгүн 2024-жылдын 27-мартында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан эл аралык усулдук-практикалык пикир алмашуу вебинары уюштурулду. Вебинардын коноктору ЖАМУнун англис тили жана адабияты кафедрасынын бүтүрүүчүсү, АКШнын Чикаго штатындагы Улуттук Луис университетинин магистранты Шербет Суранбекова жана ошол эле университеттин PhD докторанты, англис тили мугалими Марьям Кадер болушту. Коноктор сабак өтүүнүн жаңы ыкмалары, заманбап усулдар, технологиялар жана мугалимдин коомдогу орду жана аларга социалдык чөйрөнүн таасири, мааниси жөнүндө айтып беришти. Вебинардын максаты тажрыйба алмашуу, ой-пикир бөлүшүү болду.