1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

40

ШКУ саммити боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан маалымдалгандай, 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт. Бул ири эл аралык иш-чара өлкөбүздүн дүйнөлүк аренадагы аброюн жогорулатуу менен катар, аймактык коопсуздукту, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ.

Ушул маалыматтын негизинде филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-22 жана ЧТк-2-22 тайпаларынын студенттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге ШКУнун максаты, анын мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктагы орду жана Кыргыз Республикасы үчүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле саммитти жогорку деңгээлде өткөрүү өлкөбүздүн эл аралык байланыштарын чыңдоого, инвестициялык жана маданий мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди. Студенттер иш-чарага кызыгуу менен катышып, өз ойлорун билдиришти.