1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

41

Чет тилдер колледжинде профориентациялык иш-чара өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан Чет тилдер колледжинде профориентациялык иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын  максаты — бүтүрүүчү студенттерге жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, англис тили багытындагы адистиктер жана университеттеги окуу процесси тууралуу кеңири маалымат берүү болду.

Профориентациялык жолугушууга кафедра башчы, п. и. ка., доцент Жолдошбаева Ыкыбал Капаровна, улук окутуучулар Керимбердиева Айсалкын Дуйшоевна жана Төрөмаматова Миргүл Мыктаровна катышып, студенттер менен ачык баарлашуу жүргүзүштү. Алар окуу программалары, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, академиялык мүмкүнчүлүктөр жана келечектеги кесиптик багыттар тууралуу маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, университет тууралуу кеңири маалыматка ээ болушту. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду.