Ар бир үйгө тартуулап тазалыкты, ар бир жанга кол сунат Нооруз майрам
Филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Арсланбекова Н.Э жана ЧТ-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Нооруз майрамынын тарыхы жана майрамдоо өзгөчөлүктөрү жөнүндө слайд көрсөтүлүп маалымат берилди. Студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа жана оюн зооктор менен коштолду.
Улустун улуу күнү Нооруз майрамы жөнүндө жаштарыбыз билип, каада-салттарыбыз жөнүндө айтып жүрүү биздин милдет.Андыктан бул иш чарада майрам күнү жасалчу салттар аткарылып, маани маңызы жөнүндө айтылды - дейт Н. Арсланбекова.