ЖАМУ- билим ордосу
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Г.А.Жороева, М.М.Төрөмаматова, Ы.А.Исабаева, А.Б.Мамбеталиева, Н.А.Ташиева, Г.А.Орозбаева, Г.Ч.Алымкулова 2024-2025-окуу жылына карата мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү максатында Жалал-Абад шаарына караштуу №10 Т.Кошматов атындагы мектеп гимназиясы жана №19 И.Сатыбаев атындагы орто билим берүүчү мектептерге, Сузак районунун №81 Т.Идирисова атындагы жалпы орто билим берүүчү, №18 Манас 1000 , №7 Ж.Турусбеков, №38 Д.Жунусов , № 88 Атабеков, №72 К.Юлдашев, №26 Х.Н.Хамза, №4 Б.Шамшиев атындагы орто мектептерге, Базар–Коргон районунун Базар-Коргон шаарына караштуу №3 З.М.Бабур атындагы жалпы орто билим берүүчү гимназия, №1 А. С. Макаренко атындагы гимназия –мектеби, №30 Ө. Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектеби, №2 А.Нишанбаев атындагы орто мектеби, Ж.Боконбаев атындагы гимназия –интернатка барышып, бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, ЖАМУ өлкөбүздөгү билим берүү тармагында заман талабына ылайык адистерди даярдоочу билим ордосу экендигин белгилешип, 550300 Филологиялык билим берүү багыты, чет (англис тили) профили боюнча маалымат беришти. Жолугушуу учурунда буклеттерди таркатып, факультет боюнча слайд, видеороликтерди көрсөтүшүп, мектептин бүтурүчүүлөрүнө чет (англис тили) профили боюнча үгүт иштерин жүргүзүштү.