1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

САНАРИП ДҮЙНӨДӨ САКТЫК КЕРЕК

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин №957 буйругунун негизинде уюштурулуп, заман талабына жооп берген маанилүү тарбиялык-маалыматтык багытта өткөрүлдү.

ЧТ-1-24 тайпасынын куратору Н. А. Жумабекованын жетекчилиги алдында студенттер “Санарип дүйнөдө сактык керек” аталышындагы кеңири форматтагы иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурушту. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер санариптик коопсуздук, интернет маданияты жана маалыматтык сабаттуулук сыяктуу актуалдуу маселелерди ар тараптан чагылдырган мазмундуу слайд-презентацияларды сунуштап, теманы терең жана түшүнүктүү ачып беришти.

Ошондой эле чыгармачылык менен даярдалган инсценировкалар, тематикалык видеороликтер көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратып, санарип мейкиндиктеги коркунучтар жана андан сактануу жолдору жандуу мисалдар аркылуу көрсөтүлдү. Иш-чара интерактивдүү форматта улантылып, студенттер тарабынан даярдалган суроо-жооп бөлүгү катышуучулардын активдүү катышуусун камсыз кылды.

Кеченин жүрүшүнө өзгөчө көрк кошкон насаат ырлары жаштардын аң-сезимине оң таасир берип, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Жыйынтыгында, бул иш-чара студенттердин санариптик коопсуздук боюнча билимин кеңейтүү менен гана чектелбестен, алардын жоопкерчиликтүү жарандык позициясын калыптандырууга, заманбап технологияларды туура жана коопсуз пайдалануу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.