1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

ПОЭЗИЯ — СӨЗ ӨНӨРҮ КАТАРЫ: ЧТ-1-25 ТАЙПАСЫНДА АДАБИЯТ ТААНУУ БОЮНЧА АЧЫК ПРАКТИКАЛЫК САБАК

Адабият таанууга киришүү дисциплинасы боюнча 1-курстун ЧТ-1-25 тайпасында «Поэзия — сөз өнөрү: ыр, уйкаштык жана көркөм троптор» темасында ачык практикалык сабак өткөрүлдү. Сабакты улук окутуучу Эргашева Дилафруз Ибрахимовна өттү.

Сабактын максаты студенттерде поэзияны көркөм сөз өнөрүнүн өзгөчө түрү катары түшүнүк калыптандыруу, ошондой эле ыр тексттерин талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Сабактын жүрүшүндө студенттер ырдын түзүлүшү, уйкаштык түрлөрү жана негизги көркөм троптор менен таанышышты.

Сабак интерактивдүү форматта өттү: студенттер командаларда иштеп, мини-презентациялар жасашты, практикалык жана чыгармачылык тапшырмаларды аткарышты. Алар ырларды талдап, гипербола, аллитерация, салыштыруу, жансыз нерселерди жандандыруу сыяктуу көркөм каражаттарды аныктап, алардын тексттин эмоционалдык кабыл алынышына тийгизген таасирин талкуулашты. Өзгөчө көңүл поэтикалык тилдин көркөмдүүлүгүнө, интонациянын ролуна жана үндүк уюшулушунун маанисине бурулду.

Ачык сабактын өзгөчөчө бөлүгү- студенттер командаларда англис тилиндеги ырларды орус тилине которуп, алардын маанисин гана эмес, уйкаштыкты да сактоого аракет кылышты. Бул тапшырма студенттерге поэтикалык текстти тереңирээк сезүүгө жана өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Мындан тышкары, сабак учурунда катышкан коноктор жана окутуучулар үчүн атайын тапшырмалар даярдалып, бул иш-чаранын интерактивдүүлүгүн жана кызыктуулугун арттырды.

Өткөрүлгөн сабак студенттердин образдуу ой жүгүртүүсүн, эстетикалык табитин өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк поэзияга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү, ошондой эле теориялык билимдерин практикада бекемдөөгө жардам берди.