1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

КИБЕР АЛДАМЧЫЛЫКТЫН АЛДЫН АЛУУ – КООПСУЗ ЖАШОО

Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-2-23 тайпасынын студенттерине аталган тайпанын куратору А.Д.Керимбердиева тарабынан кибер алдамчылык тууралуу куратордук саат өтүлдү.

Кибер алдамчылык тууралуу куратордук саат студенттер үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу болду. Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттерге интернет мейкиндигинде коопсуз жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүү жана кибер коркунучтардан сактануунун жолдорун үйрөтүү.

Куратордук сааттын жүрүшүндө кибер алдануунун түрлөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Атап айтканда, фишинг, жеке маалыматтарды уурдоо, социалдык тармактардагы алдамчылык, зыяндуу программалар жана кибербуллинг сыяктуу көрүнүштөр талкууланды. Студенттерге мындай коркунучтарга кантип кабылып калбоо керектиги, белгисиз шилтемелерге өтпөө, жеке маалыматтарды бөлүшпөө жана күчтүү сырсөздөрдү колдонуу сыяктуу практикалык кеңештер берилди. Ошондой эле, интернетте маданияттуу баарлашуу, башка колдонуучуларды сыйлоо жана мыйзамдарды сактоо зарылдыгы белгиленди. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өз ойлорун бөлүшүп, суроолорду берип активдүү катышышты. Талкуу учурунда турмуштан алынган мисалдар келтирилип, окуучуларга тема дагы да түшүнүктүү болду.

Жыйынтыгында, бул куратордук саат окуучулардын кибер коопсуздук тууралуу билимдерин кеңейтүүгө чоң салым кошту. Студенттер интернетти туура жана коопсуз колдонуу ар бир адамдын жоопкерчилиги экенин түшүнүштү. Мындай иш-чаралар келечекте дагы өткөрүлүп турушу керек, анткени заманбап дүйнөдө кибер коопсуздук ар бирибиз үчүн өтө маанилүү.