Ар бир кесип ардактуу, баарынан да англис тили мугалими болуу эң барктуу
Азыркы учурда бардык бүтүрүүчүлөр келечеги үчүн эң маанилүү болгон кесип тандоонун алдында турушат. Аларга туура багыт берүү максатында 18-март күнү Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Арсланбекова Н. Э. жана Жумабекова Н. А. Ноокен районунун №4 А.Сатаров, №31 Шайдан-Сай, №35 С.Шамшидинов жана №42 Э.Давлетов атындагы орто мектептерге мектеп жамааты жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун максаты - бүтүрүүчүлөргө ЖАМУ жогорку илимий жана кесиптик потенциалы жогору кесипкөй адистерди даярдаган эң алдыңкы окуу жайлардын бири экендиги тууралуу маалымат берүү жана кесипти туура тандоо боюнча үгүттөө иштерин жүргүзүү. Бүтүрүүчүлөр жолугушуу учурунда өздөрү кызыккан суроолорго жеткиликтүү жоопторду алуу менен жолугушуу жемиштүү болду.