1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

АЧЫК САБАК

Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Н. Ташиева “Gadgets and Technologies” темасында ачык сабак өттү. Сабак заманбап талаптарга ылайык уюштурулуп, мазмундуу жана кызыктуу өттү.

Сабактын жүрүшүндө окутуучу темага байланыштуу презентация сунуштап, гаджеттердин жана технологиялардын күнүмдүк жашоодогу ролу, алардын пайдасы жана мүмкүн болгон терс жактары тууралуу кеңири маалымат берди. Визуалдык материалдар студенттердин көңүлүн буруп, теманы жакшы түшүнүүгө жардам берди.

Мындан тышкары, сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер талкууларга активдүү катышышты. Алар технологиялардын билим берүүдөгү орду жана келечеги тууралуу өз ойлорун англис тилинде билдиришти. Ошондой эле топтордо иштөө уюштурулуп, студенттер биргелешип тапшырмаларды аткарып, өз жыйынтыктарын презентация кылышты.

Жыйынтыгында, ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин кызыгуусун арттырып, алардын тилдик жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту.