1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

115

САБАКТА СЫНЧЫЛ ОЙЛОМДУ КОЛДОНУУ

      Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу  Курбанова Айдана ЧТ-1-23 тайпасы үчүн «Англис тилин окутуу усулунун атайы курсу» преметинен  кезектеги ачык сабагын өткөрдү.Сабактын темасы «Сынчыл ойломду сабакта колдонуу» аталышта болду. Ачык сабак заманбап окутуу ыкмаларына негизделип, студенттердин өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталды.

     Сабактын жүрүшүндө студенттер сынчыл ойломдун мааниси, анын билим алуу процессиндеги ролу тууралуу маалымат алышып, теориялык билимдерин практикалык тапшырмалар аркылуу бекемдешти. Ар түрдүү интерактивдүү көнүгүүлөр, топтук иш-аракеттер жана талкуулар аркылуу студенттер өз ойлорун негиздеп айтууга, анализ жүргүзүүгө жана маселелерди ар тараптан кароого үйрөнүштү.

    Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, активдүү жана жемиштүү өттү. Мындай сабактар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу менен бирге, алардын чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошот.