1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

АНГЛИС ТИЛИН НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУ БОЮНЧА МАСТЕР-КЛАСС: ИНТЕРАКТИВДҮҮ МЕТОДДОР ЖАНА САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР

      Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Г.А.Жороева, А.Д.Керимбердиева, М.М.Төрөмаматова жана Г.А.Орозбаева тарабынан институттагы окутуучуларга мастер-класс өткөрүлдү. Мастер-класска филология институтунун  окутуучулары катышты.Бул иш-чаранын негизги максаты окутуучуларга натыйжалуу окутуу ыкмаларын үйрөтүү, сабакты кызыктуу жана жеткиликтүү өтүүнүн жолдорун көрсөтүү болду.

      Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар англис тилин окутууда колдонулуучу интерактивдүү методдор менен кеңири таанышышты. Айрыкча, коммуникативдик ыкмага өзгөчө көңүл бурулду. Бул ыкма окуучулардын тилди практикалык түрдө колдонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган. Окутуучуларга сабак учурунда окуучуларды көбүрөөк сүйлөтүү, жупта жана топто иштетүү, ролдук оюндарды колдонуу сыяктуу практикалык кеңештер берилди.

      Мындан тышкары, мастер-класста санариптик технологияларды колдонуу да талкууланды. Катышуучулар ар кандай онлайн платформалар, мобилдик колдонмолор жана интерактивдүү ресурстар аркылуу сабакты жандандыруунун жолдорун үйрөнүштү. Бул ыкмалар окуучулардын кызыгуусун арттырып, билим алууга болгон мотивациясын жогорулатары белгиленди.Иш-чаранын соңунда катышуучулар өз пикирлерин билдирип, алар алган билимдерин өз ишинде колдонууга даяр экендиктерин айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

     Жыйынтыктап айтканда, бул мастер-класс катышуучулар үчүн чоң тажрыйба мектеби болуп, англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга өз салымын кошту. Мындай иш-чаралар мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, билим берүү тармагында жаңычыл ыкмаларды жайылтууга көмөк көрсөтөт.