1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

66

АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ МЫНЧАЛЫК КЫЗЫКТУУ БОЛОТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН!

      Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2026-2027-окуу жылына карата абитуриенттерди кесипке багыттоо максатында  Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Иш-чара шаардагы жана райондордогу  мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн чыныгы билим майрамына айланды.

     Мындай  маанилүү иш-чарага филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасы өзгөчө даярдык менен активдүү катышты.Кафедранын окутуучулары  окуучуларга англис тили дүйнөсүнө саякат жасоого мүмкүнчүлүк берди.

     Университеттин алдындагы аянтчада атайын жарманке уюштурулуп, анда англис тили жана адабияты кафедрасы өзүнүн жетишкендиктерин, окуу программаларын жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен болгон байланыштарын тааныштырды. Түрдүү көрсөтмө куралдар, креативдүү стенддер жана студенттердин демилгелери келген коноктордун көңүлүн бурду.

    Жарманкеден соң, абитуриентер үчүн кафедранын окутуучулары М.Төрөмаматова, А.Керимбердиева, Г.Жороева жана Г.Орозбаева тарабынан англис тилинде  мастер-класстар өткөрүлдү. Мастер-класста окуучулар интерактивдүү методдор аркылуу түрдүү практикалык көнүгүүлөрдү жасап, тил үйрөнүүнүн эң оңой жана кызыктуу жолдорун практикалашты.

     Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар англис тилинде баарлашууга аракет кылып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр бул күн алар үчүн чоң мотивация болгонун белгилешти:

«Бүгүнкү мастер-класс мага абдан жакты! Англис тилин үйрөнүү мынчалык кызыктуу болот деп ойлогон эмесмин. ЖАМУнун окутуучуларынын профессионалдуулугун көрүп, дал ушул жерден билим алууну чечтим», - деп бөлүштү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бири.

  Англис тили жана адабияты кафедрасы келечектеги студенттерди кучак жайып тосуп алууга даяр!