1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯ КҮНҮ

          Англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-25 тайпасынын студенттери куратору Г.Ч. Алымкулованын жетекчилиги алдында 7-апрель – Элдик Апрель революциясы  күнүнүн 16 жылдыгына карата тарбиялык мааниси жогору куратордук тегерек стол уюштурулду. Бул иш-чаранын  максатын студенттердин тарыхый аң-сезимин жогорулатуу, мекенчилдик сезимин калыптандыруу, ошондой эле өлкө тарыхындагы маанилүү окуяларга баа берүү жана алардан сабак алуу болуп эсептелет.

     Тегерек столго кафедранын окутуучулары жана студенттер активдүү катышып, жылуу жана мазмундуу атмосфера түзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан Элдик Апрель революциясынын келип чыгуу себептери, анын жүрүшү жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна тийгизген таасири тууралуу кеңири презентациялар жана докладдар даярдалып, жогорку деңгээлде баяндалды.

     Ошондой эле катышуучулар арасында активдүү суроо-жооп уюштурулуп, ар бир баяндама боюнча терең талкуу жүргүзүлдү. Студенттер өз ойлорун эркин билдирип, бири-бири менен пикир алмашуу аркылуу теманы кеңири талдоого мүмкүнчүлүк алышты. Мындай форматтагы иш-чара алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, коомдук маселелерге болгон кызыгуусун арттырды.

     Жыйынтыгында тегерек стол өз максатына жетип, студенттер үчүн тарыхый окуяларды түшүнүүдө жана аларды азыркы коом менен байланыштырууда маанилүү аянтча болуп берди. Бул иш-чарастуденттерге   патриоттук тарбия берүү менен катар, жарандык жоопкерчилик сезимин бекемдөөгө багыт берет.