1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

64

ОНЛАЙН КЫЛМЫШТУУЛУК- КООПСУЗ ИНТЕРНЕТ СЕНИН КОЛУҢДА

     Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында ЧТк-3-23 тайпасына “Онлайн алдамчылыктын түрлөрү, социалдык тармактардагы шылуундук схемалар жана алардан сактануунун жолдору” аттуу темада куратордук тарбиялык саат өткөрүлдү. Тайпанын куратору — Жороева Г.А.

  Тарбиялык сааттын негизги максаты студенттерге интернет мейкиндигинде кеңири тараган алдамчылык түрлөрү тууралуу маалымат берүү, социалдык тармактардагы шылуундук схемаларды таанып-билүүгө үйрөтүү жана алардан сактануу жолдору боюнча түшүндүрмө берүү болду.

    Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер онлайн алдамчылыктын ар кандай түрлөрү, фейк аккаунттар, шектүү шилтемелер, жалган лотереялар жана жеке маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануу сыяктуу көрүнүштөр тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле социалдык тармактарды колдонууда этият болуу, жеке маалыматтарды коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча сунуштар айтылды.

     Студенттер тема боюнча өз ойлорун билдирип, видео роликтерди даярдашып, активдүү талкуу жүргүзүштү. Мындай тарбиялык иш-чаралар жаштардын санариптик коопсуздук боюнча билим деңгээлин жогорулатууга жана аларды онлайн мейкиндикте сак болууга чакырууга чоң өбөлгө түзөт.