1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО – ИЙГИЛИКТҮҮ КЕЛЕЧЕКТИН БАШАТЫ

     Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Жумабекова Н. А. жана Нышанбай кызы Байыма шаардагы мектептерге жана колледждерге профориентациялык иш-чара менен барып келишти.

     Бул иш-чаранын максаты жаштарга кесипти туура тандоонун маанисин түшүндүрүү, алардын кызыгуусун жана жөндөмүн эске алуу менен туура багыт берүү, ошондой эле заман талабына ылайык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү болду.

    Жолугушуу учурунда окутуучулар студенттерге жана бүтүрүүчү класстын окуучуларына англис тилинин азыркы глобалдашкан дүйнөдөгү орду, тил билүүнүн артыкчылыктары, ошондой эле университетте түзүлгөн шарттар жана билим берүү программалары тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары, катышуучуларга жогорку билим алуунун мааниси, келечектеги кесип тандоодо жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгы баса белгиленди.

     Окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жандуу баарлашуу жүргүзүштү. Мындай жолугушуулар жаштардын туура багыт алуусуна өбөлгө түзүп, алардын келечекке болгон ишенимин арттырары шексиз.Профориентациялык иш-чаралар билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташууну чыңдап, таланттуу жаштарды колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.