1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

72

КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТ: ЖАМУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

     Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы п.и.к.,доцент Жолдошбаева Ыкыбал Капаровна мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоого көмөктөшүү максатында профориентациялык иштерди жүргүзүп келди.

    Иш-чаранын алкагында С. Эшматов атындагы №21,№35 «Комсомол» жалпы орто билим берүүчү мектептерге жана «SECOM» билим алуу жана өнүгүү борборунун 11-классынын окуучулары менен жолугушуулар өттү. Жолугушуу учурунда окуучуларга ЖАМУнун англис тили жана адабияты профилинин артыкчылыктары, окуу шарттары, студенттик турмуш жана заманбап эмгек рыногундагы тил адистеринин орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Бүтүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, келечектеги кесиби тууралуу маанилүү кеңештерди угушту.