1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

76

КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ БОЮНЧА ҮГҮТ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

       Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Г.А.Жороева, А.Д.Керимбердиева, М.М.Төрөмаматова жана Н.А.Ташиева 2026-жылы 16-апрелде Сузак районундагы №50, 27 жана Манас шаарындагы №10, 18, 25 жалпы орто билим берүүчү мектептерге барып кесипке багыт берүү боюнча үгүт иштери жүргүзүп келишти.

       Кесип тандоо-жашоонун маанилүү бөлүгү. Орто мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулган үгүт иштер окуучуларга өз күчтөрүн жана потенциалын баалоого, туура кесипти тандап, келечекте ийгиликке жетишүүгө чоң салым кошот. Окуучулар туура багытты тандаса, алар өздөрүнүн келечектеги жумушунда канааттануу сезимин, экономикалык туруктуулукту жана коомго пайдалуулукту ала алышат.

      Кесипке багыт берүү боюнча үгүт иштер орто мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн өтө маанилүү. Бул иштер окуучуларды өзүнүн жөндөмдөрү менен тааныштырууга, кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жана келечекте ийгиликке жетүүгө үйрөтөт.  Бүтүрүүчү класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүү боюнча үгүт иштери жаштардын келечегин түзүүдө чоң мааниге ээ. Өзүнө ишенген, өз күчүн түшүнгөн жана туура кесипти тандаган ар бир окуучу келечекте өз ордун таба алат.

      Үгүт иштерин жүргүзүү учурунда англис тили жана адабияты профили тууралуу маалыматтык баракчалар орто мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө таркатылды.