1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

УНИВЕРСИТЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

     Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган адистик багыттагы англис тили боюнча студенттердин университеттик деңгээлдеги олимпиадасы жыйынтыкталды. Иш-чара заманбап филологиянын актуалдуу маселелерин талдоо, студенттердин илимий лексиканы өздөштүрүү деңгээлин текшерүү жана кесиптик деңгээлде эркин баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

       Олимпиаданы төрага Курбанова Айдана Равшанбековна жетектеп, калыстар тобу,кафедранын тажрыйбалуу окутуучулары Арсланбекова Н.Э., Эргашева Д.И., Абдыкалыкова Ч.К. жана Нышанбай к. Б. тарабынан студенттердин оозеки жана жазуу иштерин калыс бааланды.

    Жыйынтыгында,I даражадагы диплом Муминова Аиша (ЧТ-1-23) — Теманы терең ачып бергендиги жана тилдик жогорку компетенттүүлүгү үчүн,II даражадагы диплом Алмазбекова Гүлнур (ЧТ-1-23) — Илимий стилди так сактагандыгы жана аргументациялоо жөндөмү үчүн,III даражадагы диплом Садыкова Рушана (ЧТ-1-25) — Тилдик билимге болгон умтулуусу жана жигердүүлүгү үчүн сыйланышты.