1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

ИНТЕРНЕТ КЫЛМЫШТАРЫ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ, КООМГО ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

      Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТк-3-24 тайпасынын куратору А.А. Сопукулова «Интернет кылмыштары, анын түрлөрү жана коомго тийгизген таасири» деген темада куратордук саат өткөрдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин маалыматтык коопсуздугун жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу.

     Сабактын жүрүшүндө интернет мейкиндигиндеги заманбап коркунучтар, анын ичинде фишинг, кибербуллинг жана социалдык тармактардагы алдамчылыктар тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле виртуалдык кылмыштардын коомго жана адамдын психологиясына тийгизген терс таасирлери талкууланды. Студенттер жеке маалыматтарды коргоо жана интернетте коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча презентацияларды тартуулашты.

    Сабак студенттерди санариптик чөйрөдө жоопкерчиликтүү болууга чакырып, өз максатына жетти.