1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

               Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында ФББ (АТ)-маг–1–24 тайпасынын магистранттары үчүн илимий-изилдөө практикасынын алдында конференция өткөрүлдү.

        Иш-чарага ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н. С. Жолдошалиева, филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч. А. Асылбекова, ошондой эле англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, пед.и.к., доцент Ы. К. Жолдошбаева катышты. Конференциянын жүрүшүндө магистранттарга илимий-изилдөө практикасынын негизги максаттары жана милдеттери түшүндүрүлүп, практикадан өтүүнүн жол картасы боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, зарыл болгон документтерди даярдоо тартиби боюнча көрсөтмөлөр сунушталды. Мындан тышкары, магистранттарга практика учурунда илимий иштерин жыйынтыктап, изилдөө темасына ылайык кеминде эки илимий макаланы жарыялоо сунушталды. Иш-чара магистранттардын илимий ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп, алардын келечектеги изилдөө иштерине багыт-баа берди.