1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК АЛКАГЫНДА УЮШТУРУЛГАН КОНОК ЛЕКЦИЯ

        2026-жылдын 17-мартында Заманбап Эл аралык университетинин Англис филология кафедрасында академиялык мобилдүүлүк алкагында конок лекциялар уюштурулду. Аталган иш-чарага ЖАМУнун филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Жолдошбаева Ыкыбал Капаровна жана филол.и.к., доцент Орозбаева Гүлбарчин Абдимажитовна катышышты. Конок лекторлор Ая-1-23 тайпасынын 3-курстун студенттерине «Англис тилин окутуунун усулдары», ал эми Ая-1-22 тайпасынын 4-курстун студенттерине «Котормо теориясы жана практикасы» деген темада мазмундуу жана актуалдуу лекция өтүштү. Лекция учурунда заманбап окутуу ыкмалары, практикалык мисалдар жана кесиптик тажрыйба кеңири бөлүшүлүп, студенттердин кызыгуусун арттырды. Иш-чаранын соңунда, конок окутуучуларга университеттин ректораты тарабынан ыраазычылык кат тапшырылып, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү.