1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

Нооруз — жаңылануунун жана биримдиктин майрамы

      Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында жаз майрамы  Ноорузду утурлай өзгөчө маанайдагы тарбиялык жана маданий иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чара ЧТ-1-22 тайпасы тарабынан тайпанын куратору М.М. Төрөмаматованын жетекчилиги астында даярдалып, мазмуну терең, көркөмдүгү жогору болуп өттү.

     Нооруз — байыркы доорлордон бери белгиленип келген, жаратылыштын жаңылануусун, жаңы үмүттөрдү жана жакшылыктарды символдоштурган улуу майрам. Ушул маанини кеңири ачып берүү максатында студенттер майрамдын тарыхына, келип чыгышына арналган кызыктуу презентация сунушташты. Анда Нооруздун чыгыш элдериндеги орду, анын философиялык мааниси жана бүгүнкү күндөгү ролу тууралуу маалыматтар берилди.

     Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин каада-салттары өзгөчө чагылдырылды. Улуттук кийимдерди кийген студенттер салттуу көрүнүштөрдү сахналаштырып, кыз узатуу сыяктуу үрп-адаттарды көркөм көрсөтүштү. Бул көрүүчүлөргө чоң таасир калтырып, улуттук баалуулуктарды тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.  Майрамдык атмосфераны кызыктуу оюндар дагы да жандандырды. Студенттер активдүү катышып, улуттук оюндар аркылуу ынтымакты, биримдикти жана достукту бекемдешти. Ошондой эле дасторкон жайылып, Нооруз майрамына мүнөздүү салттуу тамак-аштар коюлуп, конокторго сунушталды.

    Иш-чаранын өзгөчөлүгү  анын тарбиялык маанисинде болду. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылыгын, уюштуруучулук жөндөмдөрүн көрсөтүп, улуттук маданиятты даңазалоого чоң салым кошушту. Бул иш-чара жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, ата-бабалардан калган мурастарды урматтоого чакырган маанилүү кадам болду.