1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

        Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан 2026-жылы 18-мартта 3-курстун студенттеринин кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыгын чыгарууга арналган конференция ийгиликтүү өткөрүлдү.     Конференцияга практика жетекчилери, жана студенттер  катышты. Студенттер өз баяндамаларында мектеп жана сабак өтүү процесси, окуучулар менен иштөө ыкмалары, заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу тажрыйбасы тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле практика учурунда кездешкен кыйынчылыктар, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

        Практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө баа берип, алардын кесиптик өсүүсүндөгү жетишкендиктерин белгилешти. Айрыкча, коммуникациялык жөндөмдөрдүн өнүгүшү, сабакты пландаштыруу жана окуучулардын активдүүлүгүн арттыруу боюнча колдонулган усулдарга көңүл бурулду.

        Конференция суроо-жооптор менен коштолуп, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге ыраазычылык билдирилди. Бул иш-чара болочок мугалимдердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесипке болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түздү.