1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

ОКУТУУЧУ МЕНЕН СТУДЕНТТИН ОРТОСУНДАГЫ ШЕРИКТЕШТИКТИН МААНИСИ

       Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасында мазмундуу жана таасирдүү конок лекция уюштурулду.Конок лектор катары билим берүү тармагынын эксперти, Search for Common Ground эл аралык уюмунда Борбор Азия боюнча тынчтык маселелери боюнча кеңешчи Кеңешбек Сайназаров чакырылды.

    Лекция «Мугалим менен студенттин ортосундагы шериктештиктин сырлары» деген темада болду. Ал бүгүнкү билим берүү системасындагы эң актуалдуу маселелердин бирин камтып, катышуучулар үчүн өзгөчө кызыгуу жаратты. Лектор окууучу менен студенттин ортосундагы ишеним, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык билим сапатын жогорулатууда негизги фактор экенин белгиледи. Иш чарага англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана ЧТ-1-22, ЧТк-2-22 тайпасынын студенттери катышты.

    Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер активдүүлүгүн көрсөтүп, суроолорду берип, талкууга жигердүү катышышты. Бул болсо лекциянын жандуу жана интерактивдүү форматта өткөнүн айгинеледи.

      Конок лекциянын соңунда кафедра жамааты жана студенттер Кеңешбек Сайназаровго терең ыраазычылык билдиришип, анын баалуу ойлору жана тажрыйбасы келечектеги окуу процессине чоң салым кошорун белгилешти.