1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Англис тили жана адабият кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

СТУДЕНТТЕРДИН КЕСИПТИК- БАЗАЛЫК ПРАКТИКА УЧУРУНДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИ

      Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ЧТ-1-23 тайпасынын студенттери кесиптик-базалык практикада болушту. Абилова Назбийке шаарыбызга караштуу №1, Турдалиева Венера №19, Усенбекова Аймээрим, Алтыбаева Арууке, Арстанбекова Розалар №7 орто билим берүүчү мектептерде болушту. Алар практика учурунда ачык сабактарын өтүшүп, мектеп жетекчилигин, усулчу окутуучуларын жана кафедрадан бекитилген усулчу-жетекчиси улуу окутуучу М.М.Төрөмаматованы чакырышты.

      Абилова Назбийке 5-г класска , Турдалиева Венера 5-а класска “My day” деген темада ачык сабак өтүштү. №7 мектепте  Усенбекова Аймээрим 5-в класска “It’s our world”, Алтыбаева Арууке 5-а класска “I like fishing” , Арстанбекова Роза 5-г класска “Present Simple Tense” деген темаларда сабактарын өтүштү.

      Студент-практиканттар барган күндөн баштап окуучулар менен тыгыз байланышта болушуп, алардын билим деңгээлин аныкташып, ошонун негизинде окуучуларга сабак өтүшүп аз да болсо алардын билимин өркүндөтүүгө салым кошушту. Сабактарда теориялык жактан үйрөнгөн билимин практикалык сабактарында колдонуп, алардын канчалык деңгээлде кеңири колдонсо болоорун иш жүзүндө көрүштү. Баардык сабактар көргөзмөлүү болуп жатты. Заманбап усулдар колдонулуп, техникалык каражаттарды дээрлик ар бир сабактарында пайдаланып жатышты.  Мектеп окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун арттырууга көмөк көрсөтүштү. Мектеп жетекчилиги тарабынан ыраазычылыктарды угуп жаттык.